Комузчу Бектемир Төлөн уулу бүгүн дагы суракка чакырылды
Комузчу Бектемир Төлөн уулу бүгүн, 22-августта дагы суракка чакырылганын “Азаттыкка” билдирди.
"Фейсбукка мыйзамга туура келбеген нерселерди жазыпсыз деп чакырышты, принтерге басып чыгарып көрсөтүштү. Анын көпчүлүгү мен жазган эмес, бирөөлөрдүн жазганын бөлүшкөн посттор экен. Мен жазгандар да бар экен. 2-3 саат сурап, бара бериңиз, эртең келиңиз дешти. Макул дедим", - деген ал.
Мындан сырткары, Бектемир Төлөн уулу ден соолугуна кооптонуп жатканын кошумчалап, 2-топтогу майып экенин, кант диабетине байланыштуу 5 маал инсулин алып турарын, жүрөгүнөн ачык операция болгонун, доктурга улам көрүнүп турушу зарыл экенин айткан.
Эске салсак, кечээ, 21-августта Бектемир Төлөн уулунун кармалышы боюнча укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазып чыккан. Көп өтпөй Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы комузчунун кармалышы боюнча маалымат таратып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган.


