Суу ресурстары кызматы: "Учурда суу өзүбүзгө жетпей жатат"
Казакстанга Киров суу сактагычындагы суунун 70 пайызы берилчү. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.
"Киров суу сактагычы аркылуу Казакстанга суунун 70 пайызы берилсе, 30 пайызын кыргыз тарап колдонот. Бул сугат жерге жараша бөлүштүрүлгөн. Учурда суу өзүбүзгө да жетпей жатат. Бирок Манас районундагы дыйкандарга суу берилүүдө. Аларга 100 пайыз жетип жатат деп айта албайм", - деди Сокеев.
Ошондой эле Сокеев Казакстандын 38 миң гектар аймагы Кыргызстандан суу алууга муктаж экенин кошумчалады.
Буга чейин Сокеев Казакстанга Киров суу сактагычы аркылуу суу берүү токтотулганына коңшу өлкөнүн доосу жок экенин жана аларга Чүй дарыясы аркылуу суу берилип жатканын айткан.
Эске салсак, 21-августта "Ак-Тилек" постунун алдында 370 унаадан турган тыгын пайда болгону кабарланып, 10 сааттын ичинде үч гана жүк ташуучу унаа өткөнү маалымдалган.
Кечээ, 22-августта Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлаган. Анда УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөөлөр киргизилбегени айтылган.
Көп өтпөй коңшу өлкөнүн финансы министри Ерулан Жамаубаев бул боюнча билдирүү жасап, баңгизат кармоо операциясы болгонун жана коммерциялык жүк ташууга байланыштуу эч кандай чектөөлөр болбогонун маалымдаган.
Ал эми бүгүн, 23-августта УКМКнын Чек ара кызматы кайрадан “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларынын маңдайында жүк ташуучу унаалардын кезеги катталганын билдирди.


