super.kg logo

Бишкек мэриясы "Ала-Тоо" аянтындагы желектин тескерисинен илинип калышы боюнча үн катты

 

Бүгүн, 24-августта "Ала-Тоо" аянтындагы желектин тескерисинен илинип калышы боюнча Бишкек мэриясы "Тазалыкка" шилтеме берүү менен билдирүү таратты.

Билдирүүдө "Тазалыктын" жетекчиси Рамис Алиев кечээ, 23-августта чын эле желектин тескери илинип калганын айткан.

"Чын эле ошондой болду. Үч күн мурун желек жыртылып калган. Биз дароо жаңысын алып барганбыз. Желекти алмаштырууну ардактуу күзөт жүргүзөт. Анын өзүнүн процедурасы бар. 22-августта, кечкисин алар желекти тескери илип коюшуптур. Аны эртеси эртең менен байкашкан. Эртең менен ардактуу күзөткө жакын барганга болбогондуктан, желекти алмаштыра алышкан эмес. Түшкө жакын желекти кайра оңдоп илишкен", - деди Алиев.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта "Ала-Тоо" аянтындагы желектин тескери илинип калганы боюнча видео тараган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: