Ноокатта 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды
Оштун Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды. Акыркы лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен ботулизм диагнозу коюлуп, аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров билдирди.
Анын айтымына караганда, 18-август күнү бейтаптар үй шартында даярдалган консерваланган өрүк ширесин ичишкен. Бир нече сааттан кийин өзүн жаман сезип, жүрөгү айланып, кусуп баштаган.
Бирок ооруканага 21-августта гана оор абалда кайрылышкан. Бейтаптарга бардык медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда алардын абалы туруктуу экени, 10 күндүк дарылоо курсу күтүп турганы айтылды.
Мындай фактыларды болтурбоо үчүн тиешелүү адистер калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын окутууларды уюштуруп келет.


