Алгачкы премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтөт











Мамлекеттик жана коомдук ишмер, өлкөнүн алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун жаркын элесине жана анын 80 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, быйыл Ош шаарында белгилене турган 31-август Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын алкагында Насирдин Исановдун эстелиги орнотулуп, расмий ачылышы өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Насирдин Исанов жөнүндө кызыктуу маалыматтарды сунуштайт.
- Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Көк-Бел айылында өзү окуган мектепке ысымы берилген. Ошол эле мектепте Исановго арналган чакан музей бар. 2014-жылы Көк-Бел айылында бюсту орнотулган.
- Айылдагы мектепти аяктаган соң Москвадагы Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтуна тапшырат. Ал жакта билим алып жүргөн кезинде кечинде окууга барса, күндүзү курулуш тармагында иштеген.
- Насирдин Исанов өлкөдөгү азыркы жүрүп жаткан саясий ошондой эле, экономикалык реформалардын шарттарына ылайык өлкөдөгү капиталдык курулуштун экономикасын жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча бир катар эмгектердин автору.
- Анын ысымы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине ыйгарылган.
- Кыргыз сомун киргизүү боюнча демилгечилердин катарында болгон.
- 2013-жылы Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата Кыргызстандын почта маркасы чыгарылган.
- Ал экономика илимдеринин доктору, СССРдин инженерлер академиясынын мʏчɵсʏ болгон.
- Насирдин Исанов бош убактысында колуна комуз, мандолин кармап ойноп, ырдап, ыр да жазган.
- 1991-жылдын 29-ноябрында 48 жаш курагында Жалал-Абад Ош автожолунда жүк ташуучу "ЗиЛ-130" унаасы менен Насирдин бараткан "Волга" унаасы сүзүшүп, автокырсыктан каза болгон. Ал кырсыктын чыныгы себеби азыркыга чейин ачыкталбай келет.
- Насирдин Исановдун замандаштары анын жɵнɵкɵйлʏгʏн жана абдан чынчылдыгын, мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан жамы журт, калың коомчулуктун кызыкчылыгын жогору койгон сапаттарын эскерип келишет.
- Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине ысымы берилип, өзү жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулган.
- 2003-жылы Эркиндик бульварында эстелиги коюлган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.