super.kg logo

Кыргызстан менен Казакстандын ИИМдери кызматташтыкты бекемдейт

 

Бүгүн, 24-августта Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан жана Казакстандын ички иштер министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жетекчилер ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошол эле учурда, Кыргызстан менен Казакстандын ИИМдердин ортосунда кылмыштарды алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Улан Ниязбеков белгилегендей, биздин ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү биздин биргелешкен ишмердүүлүгүбүзгө гана эмес, эки элдин бир туугандыгына да негизделгени күмөнсүз, бул албетте жалпы аракеттердин жыйынтыгына оң таасирин тийгизерин өзгөчө белгиледи. Бүгүнкү жолугушуу биздин ишмердигибизде пайда болгон маанилүү маселелерди талкуулоого жана чечүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Өз кезегинде Казакстандын ИИМ башчысы ведомстволор аралык кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча мындан ары да көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар боордош өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын достук жана көп пландуу мүнөзүн баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында мындан ары да бекемделе берерине ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: