"Жаңы спектаклдер чыгышы керек". Маданият тармагына каражат бөлүнүп, тапшырмалар берилди
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият жана искусство тармагына чоң суммадагы каражат бөлүнүп, коомдун жан дүйнөсүн байытууга багытталган бир катар талаптар коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, маданият жана искусство тармагына өлкө казынасынан 673 миллион 515 миң сом бөлүнгөн. Аталган каражат театрларда спектаклдерди коюуга, гастролдорго чыгууга, материалдык жана техникалык базаны жакшыртууга жумшалат.
Акча каражаты бөлүнгөн мекемелер:
Муну менен катар ар бир театрга коомчулукка мекенчилдик таалим-тарбия берүүчү, руханий-эстетикалык ырахат тартуулоого багытталган жаңы импровизацияны камтыган спектаклдерди (драма, классикалык опера жана балет спектаклдери ж.б.) сахналаштыруу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган жаңы спектаклдерди иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду. Ошол эле учурда жаңы концерттик программаларды алып чыгуу, жеткинчектердин жана өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүнө ылайык заманбап спектаклдерди, программаларды көбөйтүү, жаштардын спорттук оюндарга кызыгуусун арттыруу жана мекенчилдик (патриоттук) духка тарбиялоочу жаңы цирк көрсөтүүлөрүн сахналаштыруу, курч сатираларды иштеп чыгуу сыяктуу талаптар коюлганы айтылды.
