super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Күйүүчү май боюнча Кыргызстан Орусиядан көз каранды"

 
Бишкекте бүгүн, 13-декабрда өткөн тегерек столдо Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев “Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгын талкуулап жатканда, фактылардан алыс болушубуз керек” деп билдирди. 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө экономикалык жана коммуникациялык өсүүгө байланыштуу дүйнө күн сайын өзгөрүп баратат. 
“Илим менен техниканын өнүгүүсүнөн улам өндүрүш да кеңейүүдө. Орусиянын расмий соодасында Кыргызстан биринчи орунда турат. Расмий эмес сектор да жок эмес. Кытай менен иштешүү жөнөкөйлөтүлгөн. 
Бизде өндүрүлгөн товардын 50 пайыздан ашыгы Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө жөнөтүлөт. Күйүүчү май толугу менен Орусиядан келгендиктен Кыргызстан бул багытта толугу менен көз каранды. 
Ал эми буудай менен ун боюнча Казакстандан алып келебиз. Тигүү цехтеринин буюмдары 90 пайыз Орусия менен Казакстанга экспорттолот”,- деди министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: