super.kg logo

Аламүдүндө айыл чарба багытындагы жерлер турак-жай курууга мыйзамсыз берилип жатканы айтылды

 

Аламүдүн районунда айыл чарба багытындагы жерлер турак-жай курууга мыйзамсыз берилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев аталган райондун Мыкан айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тургундар Мыкан айылынын калкына тиешелүү 312,5 гектар айыл чарба жерлери турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип жатканын айтышып, маселени көзөмөлгө алууну суранышты.

"Депутат Сеидбек Атамбаев айыл чарба, жайыт жерлерге турак-жай курууга мыйзам жол берилбегенин айтып, азык-түлүк коопсуздугун эске алуу менен Министрлер кабинетине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүп, маселени көзөмөлгө аларын билдирди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: