super.kg logo

Ысык-Көлдө "Камкордук" иш-чарасы өтүп жатат

 

Ысык-Көл облусунда "Камкордук" иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара жаңы окуу жылына карата өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чара аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдө тарбияланып жаткан балдардын шарттарын аныктоого жана өз убагында жардам көрсөтүүгө арналган. Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусун жана укук бузууларын алдын алуу органдары менен мекемелеринин ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү ресурстарын максималдуу мобилизациялоого багытталган.

"Иш-чаранын алкагында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору он жылдан ашык төшөктө жаткан майып адамдын үйүндө болушту. Жалгыз бой эркектин тарбиясында мектеп жашындагы эки өспүрүм тарбияланып келүүдө.
Милиция кызматкерлери балдарга окуу үчүн зарыл болгон окуу куралдарын жана канцелярдык комплекттерди, ошондой эле тамак-аш азыктарын тапшырышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери көчөдө, коомдук жайларда жүрүм-турум эрежелерин эскертип, социалдык тармактарда жана интернет түйүндөрүндө баарлашууда коопсуздукту унутпаш керектигин эскертишкени маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: