super.kg logo

Сентябрдан баштап Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер пайда болот

 

Сентябрдан баштап Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер пайда болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэринин орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов, борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев, Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментинин директорунун орун басары Улан Уезбаевдин катышуусунда "Бишкек башкы архитектурасында" жыйын болуп өттү.

Ага ылайык, коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке уюштуруу маселелери талкууланды. Ага байланыштуу биринчи этапта А.Токомбаев көчөсү Н.Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта жана Ж.Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрү менен Жибек Жолу проспектисинен А.Токомбаев көчөсүнө чейин коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкени уюштуруу пландаштырылууда.

"Мындай мүмкүнчүлүк болсо кесилиштер кеңейтилет жана бул көчөлөрдө жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы орнотулат.

Бул чаралар кыймылдын ылдамдыгын тездетүүгө жана түштүк райондордон Бишкек шаарынын борборуна чейин коомдук транспорттун өтүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мында жеңил унаалар үчүн Ж.Пудовкин көчөсү Т. Кулатов көчөсүнөн И. Ахунбаев көчөсүнө чейин солго бурулууга тыюу салуу менен түндүктөн түштүк багытка бир тилке менен өтүүнүн альтернативдүү варианты сунушталаарын белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

Мындай тышкары коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилкеси бар борбордук көчөлөрдүн санын көбөйтүү пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: