super.kg logo

Токаев казак өкмөтүнө чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

 

Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев өкмөтүнө казак-кыргыз чек арасында түзүлгөн кырдаалды өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиледе жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Токаев чек арадан мыйзамсыз жүк ташууну болтурбоо үчүн кыргыз тарап менен санариптештирүү жана автоматташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары маалыматта Казакстан чек арадагы өткөрүү пункттары дайыма кадимкидей иштеп жатканы тууралуу жазылды.

Эске салсак, 21-августта “Ак-Тилек авто жол” өткөрүү жайы алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган.

Ошондой эле 22-августта Чүй облусунда “Ак-Тилек автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: