Өлкөдө бекер юридикалык жардам көрсөтүү боюнча акция өтөт. Даректери
28-августта республика боюнча жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Юстиция министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, "Укуктук жардам" акциясы Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы тарабынан өткөрүлүп жатат жана республиканын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулууда.
"Акциянын алкагында бардык каалоочуларга мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын адвокаттары, нотариустар, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, Социалдык фонддун, салык кызматынын жана калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери консультациялык-укуктук жардам көрсөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын бардык аймактарында саат 10:00дөн 16:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлөт:
Бишкек шаары
Ош базары, «Беш сары сити» соода борбору;
КР Юстиция Министрлиги - Жаш Гвардия пр., 32;
VEFA Center - Байтик Баатыр көч., 98;
КТБ (калкты тейлөө борбору) Жибек Жолу пр. боюнча, 381;
«Орто-Сай» базары, «Оберон» комплекси.
Чүй облусу
Беловодское айылы, мамадминистрациянын имараты;
Кара-Балта шаары, мамадминистрациянын имараты;
Кайыңды шаары, мамадминистрациянын имараты;
Сокулук айылы, мамадминистрациянын имараты;
Кант ш. КТБ;
Токмок ш. КТБ;
Кемин шаары, мамадминистрациянын имараты;
Аламүдүн району, мамадминистрациянын имараты.
Ош облусу
Ош юстиция башкармалыгы - Ош, Ленин көч., 312;
Ош мэриясы-Ленин көчөсү, 221;
Кара-Кулжа району, мамадминистрациянын имараты;
Ноокат району, Лутфуллаев көч., 6 боюнча мамлекеттик нотариалдык контора;
Араван району, мамадминистрациянын имараты - Ленин көч., 1;
Кара-Суу ш., мамадминистрациянын имараты - Ж. Аматов көч., 2;
Өзгөн ш., мамадминистрациянын имараты - Манас көч., 130;
Алай району, мамлекеттик нотариалдык контора;
Гүлчө айылы, Нарматов көчөсү 109;
Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад ш., Ленин көч., 121, сот адилеттиги үйү, МКЮЖ адвокаттарынын кабинети;
Базар-Коргон району, мамадминистрациянын имараты - Б. Осмонов көч., 126;
Сузак району, райондук соттун имараты, МКЮЖ адвокаттарынын кабинети;
Ноокен району, мамадминистрациянын имараты;
Токтогул району, мамадминистрациянын имараты, МКЮЖ адвокаттарынын кабинети;
Аксы району, Кербен ш., Уметалиев көчөсүндөгү адвокаттын кабинети;
Ала-Бука району, Кулбаева көч., 34, Юстиция үйү;
Тогуз-Торо району, мамадминистрациянын имараты;
Чаткал району, мамадминистрациянын имараты;
Кара-Көл ш., Курулушчулар көч., 1;
Майлуу-Суу ш., Ленин көч., шаардык соттун имараты, адвокаттын кабинети;
Таш-Көмүр ш., 1-Май көч., Юстиция үйү.
Баткен облусу
Кызыл-Кыя ш., мэрия-Масалиев көч., 60;
Баткен ш., Т. Садыков көч., почтанын имараты;
Лейлек району, мамадминистрациянын имараты;
Кадамжай району, мамадминистрациянын имараты-А. Орозбеков көч., 1;
Раззаков ш., Манас-Ата көч., мэриянын имараты.
Ысык-Көл облусу
Каракол шаары, Жусаев көчөсү, 165б, «Бугу» базары;
Теплоключенка айылы, Кыдыр-Аке көчөсү, 49, КТБ;
Кызыл-Суу айылы, Конкино көч,, 49;
Чолпон-Ата ш., мамадминистрациянын имараты-Совет көч., 2;
Бөкөнбаев айылы, Мамбетов көч., 16 («Аргымак» мейманканасынын алдында);
Түп айылы, Элебаев көчөсү, 53/4.
Нарын облусу
Нарын шаары, Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры;
Кочкор айылы, Исакеев көчөсү, 46, мамадминистрация имараты;
Ат-Башы айылы, Мустай Жунусов көч., 11/1, мамлекеттик нотариалдык контора;
Чаек айылы, Турсунбаев көч., Юстиция үйү.
Талас облусу
Талас шаары, Бердике Баатыр көч., 295, Огомбаев атындагы музыкалык мектеп;
Кум-Арык айылы, Т. Казаков көч., 73, маданият үйү;
Кызыл-Адыр айылы, Кожомуратов көчөсүндөгү жаштар борборунун имараты;
Покровка айылы, Солнечная көч., мамлекеттик нотариалдык контора.

