super.kg logo

Дипломат Асанбек Осмоналиев каза болду

 

Дипломат Асанбек Осмоналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Асанбек Осмоналиев 68 жашында көз жумду. Ал 1955-жылы 26-октябрда туулган. Ал эң алгач Тышкы иштер министрлигинин системасында 1994-жылы Консулдук саясат бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп баштаган.

1994-жылы Азия, Африка жана Тынч океан башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын ээлеген.

1995-1998-жылдары Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин биринчи катчысы, кийин кеңешчиси кызматтарында иштеген.

1998-жылы Тышкы иштер министринин кеңешчиси кызматына которулуп, андан кийин КМШ мамлекеттер департаментинин директорунун орун басары - эки тараптуу кызматташтык башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалган.

1999-2003-жылдары Тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген.

2002-2004-жылдары Кыргызстандын ШКУ боюнча улуттук координатору кызматында эмгектенген.

2004-2007-жылдары Кытайдын Пекин шаарындагы ШКУ Катчылыгынын биринчи категориядагы эксперти кызматында иштеген.

2007-2010-жылдарыЧыгыш өлкөлөр департаментинин директорунун орун басары - Азия жана Африка экинчи бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн.

2010-2013 жылдары Кыргызстандын ШКУ боюнча улуттук координатору кызматында иштеген.

2014-2016-жылдары Осмоналиев Асанбек Арыстаналиевич Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болгон.

Мындан тышкары ал Атайын жана ыйгарым укуктуу Кичи элчи рангына ээ болгон.

SUPER.KG порталынын жалпы жамааты Асанбек Осмоналиевдин туугандарына жана жакындарына анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: