super.kg logo

Бишкекте этникалык кыргыздардын башын бириктирген "Бизди бириктирген Манас" аталышындагы маданий иш-чара өттү

 

Иш-чараны "Этностан" маданий борбору уюштуруп, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналды. Маданий иш-чарага Роза Айтматова, эл артисти Саламат Садыкова, маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев, бир катар манасчылар жана кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Салтанатта манасчылар Асаналы Калил уулу, Замирбек Баялиев, Назаркул Сейдракманов манас айтышты.

Иш-чарада Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардын маданияты жана алардын арасынан чыккан манасчылар тууралуу сөз болду. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай тууралуу тасма көрсөтүлдү. “Эсимде”изилдөө аянтчысы, “Акбарак” фонду, “Тилимпоз” уюму дагы сунуш кылышты.

Иш-чаранын аягында улуу өнөрдүн улантуучуларын колдоо максатында “Этностан” маданий борбору тарабынан Кыргыз улуттук “Манас” театрына 30000 сомдун сертификаты тапшырылды.

"Эгемендүүлүк күнүнүн урматына арналган иш-чарабызды “Манас” темасында кылдык. Анткени Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздарды бириктирип турган кыргыз маданияты, ал эми маданиятыбыздын маңызы “Манас” болуп саналат. Чакан болсо да эл аралык мүнөздөгү иш-чарабызга беш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү келип катышты. Этникалык кыргыздар жашаган өлкөлөрдөгү “Манас” айтуу маданиятынын тарыхы эскерилип, азыркысы жана келечеги тууралуу талкуулар болду", - деди иш-чаранын уюштуруучусу, "Этностан" маданий борборунун жетекчиси Каныбек Толкун уулу.

"Этностан" коомдук бирикмеси келерки жылы акындардын арасында да ушундай иш-чараны өткөрүүнү пландап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: