"Элдин оюн адаштырып жатат". УКМК Мелис Аспековго акчасы кайра кайтарылганын ырастады
Социалдык тармактарда жана интернет булактарында Мелис Аспеков өзүнүн күнөөсүз экендиги жана анын кармалып алынган акча каражаттарын кайтарып берүү менен далилденгени тууралуу жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМКнын маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь айында УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевге өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу жана алдамчылык фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон, андан кийин кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, Аспеков менен Жураев өзүн президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары көрсөтүп, "Кыргыз темир жолунун" кызмат адамдарынан 250 миң доллар опузалап алышканын, ошол эле учурда мамлекеттик ишкананын ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары тарабынан текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштура турганын айтып коркутушкан.
"Тергөөнүн жыйынтыгы менен Аспеков менен Жураевге карата кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, 2022-жылдын 23-мартындагы өкүм менен ал опузалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган, ошол эле учурда жалпы режимдеги колонияда өтөө менен 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Аспековдун бул өкүмүнө жана анын баш коргоо чарасына макул болбогондуктан, өкүм Бишкек шаардык сотуна даттанылган, 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиясынын чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок эркинен ажыратуу мөөнөтү 1 жылга кыскартылып, 6 жылга эркинен ажыратуу менен акыркы жаза белгиленген.
Аспековго кайтарылган акчалар боюнча белгилей кетсек, акыркысы тинтүү учурунда буюм далилдери эмес жана тергөөнүн предметине тиешеси жок болуп андан алынган, айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кайра кайтарылган.
Мелис Аспековдун фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгү коомдук пикирди өзгөртүүгө, анын инсанына кандайдыр бир деңгээлде болсо да көңүл бурууга жана жасаган кылмыш ишине ойдон чыгарылган саясий баа берүүгө болгон курулай аракеттери ачык көрүнүп турат", - деп билдиришти УКМКдан.


