super.kg logo

Бишкек шаардык прокуратурасы "Клооп" басылмасын жабуу боюнча сотко арыз берди

 

Бишкек прокуратурасы "Клооп" басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык сотунан ырастады.

Маалым болгондой, 22-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна "Клооп.Медиа" коомдук фонду Жарандык кодекстин 96-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык уставда каралган чектен чыгып кеткен деген негизде арыз жазган. Учурда арыз соттун өндүрүшүндө экени айтылды.

Прокуратура жазган арызында басылманын сайтта жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары "азыркы бийликтин саясатын кескин сынга алууга, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн каралоого багытталган жана терс мүнөздө" деп эсептей турганын билдирген.

Ошондой эле арызда аталган медиага карата 2021-жылы 2-ноябрда УКМК тарабынан “бийликти басып алууга үндөгөн” деген айып менен сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлгөнү жана экспертизалар дайындалганы да жазылган.

Эске салсак, "Клооп.Медиа" коомдук фонду 2018-жылы кайра каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин сайтында, аталган басылманын жетекчиси катары Галина Гапарова көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: