super.kg logo

"Кыргыз-Швейцариялык Банкы": 10 жылдык сапат, салт жана ийгилик!

 

«Кыргыз-Швейцариялык банкына» 10 жыл.

Он жыл мурда швейцариялык «Петрам Финанс» финансылык компаниясы банкрот болгон «Кыргыздыйканбанк» ЖАКка инвестиция кылып, 2013-жылдын 26-августунда Кыргыз Респбуликасынын Улуттук банкынын атайын эсебине акча каражаттарын которгон.

Эки айдан кийин Банк лицензия алды, ал эми январь айында жаңы бренд - «Кыргыз-Швейцариялык Банкы» ЖАК аталышында иштей баштады, бул жылдар бою өзүнүн Швейцариянын банктык салттарына жана тейлөө сапатынын эң жогорку стандарттарына берилгендигин методикалык түрдө көрсөттү.

Бул жылдар ичинде кызыктуу жолдор басылды, баа жеткис тажрыйба топтолду жана өзүнүн туруктуулугу жана ырааттуулугу менен татаал тапшырмаларды чечүүнү үйрөнгөн тилектеш адамдардын коллективи түзүлдү, банк динамикалык түрдө өсүүдө жана алдыга койгон максаттарына пландуу жетишүүдө. Экинчи он жылдыкты Банк амбициялуу пландар менен тосуп алууда, аларды ишке ашыруу «Кыргыз-Швейцариялык Банкынын» кардарларына дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү, артыкчылыктарды жана алынган тейлөөлөрдөн жагымдуу таасирлерди бере алат.

«Кыргыз-Швейцариялык Банкы» он жылдык ийгилигине катышкан бардык кардарларына, өнөктөштөрүнө, кызматташтарына жана акционерлерге тандоосу, көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет!

Туулган күнүң менен, «Кыргыз-Швейцариялык Банкы»! Өсүп-өнүгүүлөр жана жаңы ийгиликтер болсун!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: