Өлкөнүн алдыңкы педагогдору Түрксой эл аралык уюму тарабынан сыйланышты






Өлкөнүн алдыңкы педагогдору Түрксой эл аралык уюму тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, “Санарип билим жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы педагогдордун август конференциясында бир катар билим жана илим тармагынын өкүлдөрү Түрксой эл аралык уюмунун сыйлыгы менен сыйланышты.
Сыйлангандар:
1. Алыбаев Сабырбек Медербекович - Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин тарых мугалими;
2. Асаналиева Кыял Айбашевна - Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин доценти;
3. Астанов Шавкатбек Азамбаевич – Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканынын милдетин аткаруучучу;
4. Жунушалиева Мөөркан – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун А.Албаков атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты боюнча ардагер мугалими;
5. Кадыров Абдинаби Азабаевич – Баткен мамлекеттик университетинин "Айгүл-Тоо" маданий-тарыхый музейинин жетекчиси;
6. Мамбетакунова Нургул Барктабасовна – Билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
7. Эшматов Рысбек Канатбекович – Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кыргыз адабиятынын тарыхы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери;
8. Акматов Кыялбек Камутович - Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, доцент.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында педагогдордун август конференциясы өтүп жатат. Ага жогорку окуу жайлардын, райондук, шаардык билим берүү уюмдарынын жана мектептердин директорлору катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.