super.kg logo

"Эл үмүтү" президенттик стипендиясынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды

 

Бүгүн, 28-августта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын 2023-2024-окуу жылдарына карата жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгиленгендей, анда Жапаров өз сөзүндө президенттин дайыма белгилеп келген “билимге, саламаттыкты сактоого жана маданиятка салым кошуу адамдык капиталды өнүктүрүү аркылуу эң жакшы инвестиция” экенин билдирди.

2022-жылдын 10-майында президентибиз Садыр Нургожоевич өлкөбүздүн сиздердей болгон таланттуу жаштарына чет өлкөдө билим алуусуна колдоо көрсөтүү, жаштардын билимге болгон шыктануусун арттыруу, айрыкча өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө эң артыкчылыктуу багыттар боюнча жаңы муундун заманбап адистерин даярдоо үчүн – "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын киргизген”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, кыргыздын алдыңкы жаштары – QS World University Rankings, Times Higher Education сыяктуу дүйнөлүк топ-100 рейтингге кирген чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларда магистр жана PhD деңгээлинде билим ала алышат. Билим алуу үчүн "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын 2022-жылы 9 адам алган болсо, быйыл 17 адам татыктуу болду.

Татыктуунун татыктуусу жеңгенине биз ишенебиз. Келечек сиздердин колуңуздарда. Сиздер эл үмүтүсүздөр. Билим алып, бизге кайра кайтып келиңиздер, биз сиздерди жумуш менен камсыз кылууга даярбыз. Сиздер татыктуу адистерден болуп келесиздер деп ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: