2024-жылга карата эс алуу күндөрүнүн календары жарыяланды

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2024-жылдын өндүрүштүк планын бекитти.
Министрликтин маалыматына караганда, январь жана май айларында узакка созулган эс алуулар болбойт. Бирок өкмөт эс алуу күндөрүн жылдырып, Жаңы жылда жана май айында каникул жарыялашы мүмкүн.
Календарда эс алуу күндөрү кызыл түс менен белгиленсе, майрам алдындагы кыскартылган күндөрдүн асты чийилген.
Кыргызстандагы майрам күндөр:
- 1-январь — Жаңы жыл;
- 23-февраль — Мекенди коргоо күнү;
- 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы;
- 21-март — Нооруз майрамы;
- 7-апрель — Апрель элдик революция күнү;
- 1-май — Эмгекчилер күнү;
- 5-май — КР Баш мыйзамынын күнү;
- 9-май — Жеңиш майрамы;
- 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү;
- 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.
Орозо айт, Курман айт майрамдары айдын чыгышына карап белгиленет. Майрам эс алуу күнүнө туш келгенде кийинки жумуш күнү эс алуу күнү болуп саналары кошумчаланды.
22-февраль, 7-март, 20-март, 30-апрель, 8-май, 30-август, 6-ноябрь жана 31-декабрь майрам күндөрүнүн алдындагы кыскартылган күндөр болуп эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.