Будапештте улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду










Венгриянын борбору Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, иш-чаранын алкагында "Манас театрынын белгилүү манасчылары, дастанчылары жалпы келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ошондой эле салтанат Венгрия парламентинин төрагасы жана орун басары Шандор Лежак, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Мажарстандагы элчилер, илимий интелегенция, жергиликтүү аймактын тургундарынын катышуусунда жүрдү.
Султан Райев Фейсбуктагы билдирүүсүндө, мажар айкелчиси улуу манасчынын жан дүйнөсүн бере алганын, айкелде Саякбай атабыздын бүткүл улуулугу камтылганын жазган.
"Анда Саякбай Каралаевге канатташ улуу Абайдын эстелиги турат. Аземге катышып, жалындуу сүйлөгөн мамлекеттик катчыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун сөзүн мажарлар котормосуз эле жүрөктөрү менен туюп, түшүнүп турду…", - деп жазды Раев.


