super.kg logo

Садыр Жапаров Жалал-Абадда реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук кең көчөнү ачты

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарындагы акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун ысымы берилген жаңы борбордук проспектини ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы чогулгандарды келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата быйыл республикалык деңгээлде өтүүчү мааракелик бир катар майрамдык иш-чаралар пландаштырылганын ырастады.

Садыр Жапаров 100 жылдык мааракенин алкагында Жалал-Абад шаарынын кире бериш бөлүгүндө орнотулган стелага акындын ысымы жазылып, шаардын жаңыдан реконструкциядан өткөрүлгөн борбордук көчөсүнө анын аты ыйгарылганын канааттануу менен белгиледи.

"Президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди. Ал мындай кадам көрүнүктүү инсандын эмгегин баалоого, ошол эле учурда ысымын түбөлүккө сактоого багытталган туура чечим болгонун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров белгилегендей, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген. Ошондой эле ал жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.

Президент Жапаров жакынкы жылдары өлкөбүздүн башка шаарларына дагы дал ушундай багытта каражат бөлүнүп, көмөк көрсөтүлөт деп ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: