"Дасаевге 2 гол киргизген". Камчыбек Ташиев "Барселонанын" оюнчуларына Садыр Жапаровдун оюнун эскертти (видео)
Бүгүн, 29-августта өлкө башчы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун легендарлуу оюнчулары менен жолугушуу өткөрдү.
Анда Камчыбек Ташиев "Барселонанын" легендаларына Садыр Жапаров атактуу дарбазачы Ринат Дасаевге 2 гол киргизгенин эскертти.
"Мен Лапорта баштап келген футболчуларга бир нерсени айтып коёюн дедим эле, биздин президентибиз өткөн жылы болгон оюнда атактуу дарбазачы Ринат Дасаевдин дарбазасына 2 гол киргизген. Ошон үчүн бул жагын дагы эске алып коюңуздар", - деди Ташиев.
Өз кезегинде "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта Дасаев мыкты дарбазачы болгонун баса белгиледи.
"Барселона легендалары" командасы менен "Азиянын легендалары" командасы эртең, 30-августта Бишкекте беттешет. Анда өлкө башчы Садыр Жапаров дагы талаага чыгат.
Ташиев "Барселона" оюнчуларына Садыр Жапаровдун оюнун эскертти

