"Кучакташып ыйлап...". Актёр Эрмек Таалайбеков менен жубайы кыздуу болорун жарыялашты (видео)
Актёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборс бүгүн, 29-августта "гендер пати" уюштуруп, кыздуу болорун катталуучулары менен бөлүштү. Бул тууралуу түгөйлөр өздөрүнүн "Инстаграм" баракчасына жазып, видео жүктөштү.
Эрмек Таалайбеков "биз сени аябай күтүп жатабыз" деп жазып, көзүнө жаш алган.
Белгилей кетсек, актер Эрмек Таалайбеков менен Бекзада Жолборс 2017-жылы 6-ноябрда баш кошушкан. Алар жакында ата-эне болушарын 26-июлда социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышкан.
видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.