super.kg logo

 Садыр Жапаров Жалал-Абадда "Барселона" легендалары менен жаш оюнчулардын оюнуна барды (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 29-августта "Барселона" футбол клубунун легендалары менен өлкөнүн ар кайсы аймактык футбол командаларынын жаш оюнчуларынын ортосундагы футбол боюнча мелдешке барды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, көрсөтмө оюн “Барселона” футбол академиясынын расмий ачылышынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өттү.

Белгилей кетсек, кечээ Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өттү.

Ал эми бүгүн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Барселонанын” мурдагы оюнчулары Азиянын ардагер футболчулары менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: