super.kg logo

Кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият ордени ыйгарылды

 

Кыргыз кинорежиссёру Актан Арым Кубатка Франциянын Искусство жана адабият ордени ыйгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 20-июлунда Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак кыргыз кинорежиссёру Актан Арым Кубатка кинематография тармагына кошкон салымы үчүн Искусство жана көркөм адабият орденинин кавалери наамын ыйгарган.

Актан Арым Кубаттын “Бешкемпир”, “Маймыл”, “Акенин жарыгы”, “Кентавр”, “Эсимде” тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Актан Арым Кубат “Маймыл” тасмасы менен Канн эл аралык кинофестивалынын (Франция) “Un Certain Regard” расмий программасына катышкан, кийинчерээк ал Европа киноакадемиясына мүчө болгон.

Мындан тышкары “Акенин жарыгы” тасмасы да Канн эл аралык кинофестивалына “Режиссёрлордун эки жумалыгы” программасында катышкан. Актан Арым Кубаттын тасмалары бир нече жолу эл аралык фестивалдарга алсак, Везуль, Анже, Нанттагы Үч континенттин фестивалы сыяктуу иш-чараларга катышып, лауреат болгон. Актан Арым Кубаттын бардык тасмалары Франциянын кинотеатрларында кеңири жайылган.

Белгилей кетсек, Франциянын Искусство жана көркөм адабият ордени 1957-жылы искусство, адабият тармагындагы жетишкендиктери үчүн жана искусство менен адабиятты дүйнөгө жайылтууга кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн инсандарга ыйгаруу максатында түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: