super.kg logo

Караколдон Жалал-Абадга чейин: Beeline коворкинг борборлору географияны кеңейтет

 

Окуу жана иш процесстери барган сайын виртуалдык чөйрөгө өтүп жаткан азыркы дүйнөдө туура технологияга жетүү абдан маанилүү. Кыргызстандыктарга мындай мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн, Beeline Кыргызстан компаниясы өлкөнүн ар кайсы шаарларында уникалдуу акысыз мейкиндиктерди түзөт.

Караколдо Beeline жаңы, төртүнчү коворкинг борбору пайда болду. Уюлдук оператор шаардын тургундарын жана конокторун 1-сентябрда саат 13:00дө Каракол шаары, Гебзе көчөсү, 120 дареги боюнча боло турган коворкинг-борбордун расмий ачылышына чакырат.

Ыбрай Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын имаратында компьютердик техника, кеңсе эмеректери жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар ыңгайлуу мейкиндик жайгашкан. Сентябрдан баштап коворкингдин эшиктери иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин жана ишемби күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин ачык болот. Билим берүү борборунун кызматтарынан бардык каалоочулар акысыз пайдалана алышат.

Beeline эскертет, калган коворкинг борборлору зыярат кылуу үчүн жеткиликтүү: алардын экөө Бишкекте, дагы бири – Жалал-Абадда:

· КМТУдагы Коворкинг (Политех).

Дареги: Бишкек ш., Ч. Айтматов проспекти, 66 (каб. 246).

Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин.

· Алыкул Осмонов атындагы № 9 китепканасынын базасындагы коворкинг.
Дареги: Бишкек ш., Чуй проспекти, 111.

Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин.

· Жалал-Абад областтык китепкананын базасында коворкинг.
Дареги: Жалал-Абад ш., Ленин аянты, 20.

Иштөө графиги: дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин.

Бул борборлордун ар биринде иштөө же окуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алар керектүү жабдуулар менен жабдылган жана баарына жеткиликтүү. Beeline-дын коворкинг мейкиндигинде сапаттуу убакыт өткөрүңүз!

Beeline: Ар бири үчүн 25 жылдык мүмкүнчүлүк!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: