super.kg logo

Кыргызстанда TikTok'ту колдонууга тыюу салынат

 

Кыргызстандын аймагында Tik Tok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, министрлик аталган социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, Tik Tok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жатканын аныктаган. Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.

Министрликтин маалыматына караганда, бир катар бейөкмөт уюмдар Tik Tok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс таасирине байланыштуу тынчсызданып кайрылышкан.

"Tik Tok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, TikTok социалдык тармагы 2018-жылы кытайлык "ByteDance" компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Аны 150 өлкөдө 1 миллиарддан ашык адам колдонот. Аталган социалдык тармак кыска видеолорду бөлүшүүгө арналган алдыңкы видеоплатформа болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
30.08.2023. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн соонун жанылык колдойбуз бир отоло жаап салсын жок болуп кетсин тикток
30.08.2023. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура. Жаап салгыла таптакыр
30.08.2023. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун
30.08.2023. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тик ток адамдар бири бири менен баарлашып, пикир алмашып, ой болушуп, пикирин элге жеткизе турган тиркеме. Кыскасы бир адамдын ою менен Кыргызстанда жуз миндеген адамдардын бизнесин, баарлашуусун жок кылбаш керек. Кимге жакпаса болгону ачпай эле коюш керек. Биз тик токту жапканга каршыбыз. Тик ток аркылуу чет олкодон бизнес кылгандар отоо коп.
30.08.2023. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asyl27 Ватсап аркылуу баарлаша бер
30.08.2023. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга тик ток эмес, бийликтеги коррупция, үй бүлөлүк башкаруу саясаты коркунучтуу. Тик ток менен жүз миңдеген адамдар ар кандай темада ой пикир алышат. Эми алардын мындай мүмкүнчүлүгүн тебелеп жатышат кыргыз бийлиги. Кыскасы Садыр Жапаров жыргатпайт.
30.08.2023. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тик токтун жабылганы Кытайга жаман, бирок АКШга жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: