Күзөт кызматында жаңы кабыл алынган кызматкерлер ант беришти





Күзөт кызматында жаңыдан кабыл алынган кызматкерлер ант беришти. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, күзөт кызматында өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата жаңыдан кабыл алынган кызматкерлердин ант берүү аземи өткөрүлдү. Кызматкерлер жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, мыйзамдуулукту сактай тургандарын айтышып, кесиптештеринин алдында ант беришти.
"Салтанаттуу иш–чарага күзөт кызматынын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.
Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун командири, милициянын полковниги Талантбек Раимбеков өзүнүнүн куттуктоо сөзүндө жаш кызматкерлерге берген анттарына бекем туруп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастыгын көрсөтүп, элдин бакубат жашоосун камсыз кылууга салымын кошуу жөнүндө насаат сөздөрүн айтып, куттуктады", - деп жазылат анда.
Мындан тышкары, келе жаткан майрамга утурлай кызматта өз милдеттерин так, чынчыл аткарган, коомдук коопсуздукту камсыздоодо ийгиликке жетишкен кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылганы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:48
2025-07-11

15:52
2025-07-11
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.