super.kg logo

Ош менен Тараз шаарлары өз ара кызматташтыкты бекемдейт

 

Бүгүн, 30-августта Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Казакстандын Тараз шаарынын мэриясынын акиминин орун басары Дауир Даулетов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө Марс Исаев Ош шаарынын 3 миңден ашуун тарыхы бар Ош жөнүндө кыскача баяндап, Ош шаарынын мэриясы казак тарап менен келечектүү долбоорлорду түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Дауир Даулетов кыргыз-казак бир тууган калк экенин белгилеп, 2 миң жылдык тарыхы бар Тараз менен Ош шаары ортосунда достукту бекемдөө, өз ара мамилелерди чыңдоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү ниетин билдирип, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: