super.kg logo

Акылбек Жапаров Ноокатка барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районундагы быйыл жаңы курулуп иштетүүгө берилген бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта өмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров алгач Зулпиев айыл аймагындагы “Кашкалдак” бала бакчасына барды. Заманбап бардык шарты менен курулган бала бакча 120 балага ылайыкташып, жергиликтүү 27 адам жумуш менен камсыз болгон. Курулуштун жалпы суммасы 43 миллион сомдон ашуун.

Андан соң Кара-Таш айыл аймагындагы “Бүрабия эне” бала бакчасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат жана ал үчүн 55 миллион сом жумшалган. Мында 3 жаштан 6 жашка чейинки 100 бала кабыл алынат. Бул айыл аймактын калкынын саны 16 миңден ашуун.

"Быйыл жаңыдан курулуп иштетүүгө берилген бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышкан өкмөт башчы мамлекет балдарга болгон камкордукту бала бакчалардан баштарын жана мындай заманбап бала бакчаларды куруу иштери республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мекеменин маалымат кызматы аталган бала бакчаларга каражат каяктан бөлүнгөнүн ачыктаган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: