Талкууга алынган Баткендин стадионундагы тепкич: Мэрдин орун басары түшүндүрмө берди (видео)
Баткен шаарынын мэринин орун басары Акыл Курбанбеков талкууга алынган борбордук стадиондогу тепкич тууралуу видео боюнча SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, стадиондун негизги трибунасы жакында чоңойтулган. Чоңойтулгандан кийин арткы тарабындагы тепкичтин бир бөлүгү трибунага кошулуп калган. Ал эми арткы тарабындагы тепкич толугу менен бузулат.
"2022-жылы бул жерге жаңы трибуна салынган. Отургучтардын арт жагына үч тепкич коюлган. Трибунаны астына жылдыруу керек болгондуктан тепкичтерди артына курууга туура келген. Трибунанын капталында кененирээк курулган тепкич бар", - деди мэрдин орун басары.
Ошондой эле ал стадионду оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүтө электигин кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда "Баткендеги стадиондун арыктата турган тепкичи" деген видео тараган.
Талкууга алынган Баткендин стадионундагы тепкич: Мэрдин орун басары түшүндүрмө берди
Талкууга алынган Баткендин стадионундагы тепкич: Мэрдин орун басары түшүндүрмө берди




1 |