super.kg logo

"Кыргызстан" банкынын кайрылуусу

 

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргызстандагы санариптик лидер жана алдыңкы технологияларды биринчилерден болуп киргизген — «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК | MBANK. Биздин санариптик трансформация кардарлар үчүн ыңгайлуу кызматтарды, сервистерди жана жаңы продуктыларды түзүүгө багытталган.

28-августтан 29-августка чейинки мезгилде бир катар кыргызстандык банктар, анын ичинде MBANK, «КартСтандарт» процессинг борборунун (тышкы уюм) тарабындагы көйгөйлөрдөн улам техникалык кыйынчылыктарга туш болушту. Бул MBANK'тын кызматтарынын убактылуу иштебей калышына алып келди.

Мындай кырдаалдын фонунда социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап, анын максаты банк тармагындагы абалды туруксуздаштыруу болуп саналат. Биздин атыбызды каралоо аракеттери жөнүндө билебиз жана MBANK жөнүндө жалган маалымат тараткан бардык адамдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылаарын билдиребиз.
Биздин банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык иш алып барат жана Улуттук банктын стандарттарына жана талаптарына ылайык келет.

Биздин банкка ишеним көрсөткөн кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз. MBANK тарабынан берилген расмий билдирүүлөргө жана маалыматка гана ишениңиз.

Урматтоо менен, MBANK командасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: