super.kg logo

Президенттин кубогу-2023: Алыш бел боо күрөшү боюнча беттештер өтүп жатат

 

Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда 30-август күнү Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган Президенттин кубогунун алкагында “Алыш” бел боо күрөшү боюнча мелдештин биринчи күнү жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстандан келген 83 спортчу катышып, 70 килограмм жана 70 килограммдан жогоркулар арасында беттештер өттү.

Жарым финалга чыккан спортчулардын тизмеси (70 килограммдан жогоркулар) :

- Ойбек Камулов;

- Илхомжон Машрабов;

- Обидали Мавлянов;

- Бахтияр Мирлан уулу.

70 килограмм:

- Абдувахид Мырзакаримов;

- Адилет Мурзабеков;

- Баястан Самат уулу;

- Марлен Абдурасулов.

Байге фонду жалпы 400 миң сомду түзөт.

1-орун — 100 миң сом;

2-орун — 60 миң сом;

3-орун — 40 миң сом.

Белгилей кетсек, бүгүн бардык мелдештердин финалдык беттештери жана сыйлоо аземи өтөт. Мелдештерди "КТРК Спорт" жана "ЭЛТР" телеканалы түз алып берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: