super.kg logo

Маданият министрлиги TikTok'ту жабуу чечиминде геосаясий өңүт жок экенин билдирди

 
Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө мындай чечим балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталганы айтылат.
"ТикТок социалдык тармагында балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн чектеген функция жок. Ошондой эле анда тиркемедеги маалыматка кирүү учурунда колдонуучулардын жаш категориясын көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылуу каралган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Министрликтен маалымдашкандай, жогоруда айтылгандардын негизинде жана жолдонгон көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен өлкө аймагында TikTok кызматын токтотуу чечимин кабыл алган.
Эске салсак, кечээ, 30-августта Кыргызстандын аймагында Tik Tok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганы айтылган. Буга байланыштуу аталган платформанын ишин токтотуу тууралуу чечим Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.
Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынууда. SUPER.KG порталы аталган маселе боюнча шаар тургундарынын пикирин уккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: