"40 миллион сомго курулду". Баткенде Экология министрлигинин жаңы имараты ачылды (сүрөт)









Баткенде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын жаңы кеңсеси ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган мекеменин имаратынын ачылуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев катышты.
Белгилей кетсек, ишкана мындан 23 жыл мурда 2000-жылы түзүлгөн. Бул жылдар аралыгында имараттын эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган. Ал эми жаңы, заман талабына ылайык имаратты куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом жумшалган.


