super.kg logo

ТЕСТ: Эгемендик майрамы, эзелкилердин арманы! Азаттык үчүн ата-бабалар кандай жолду басып келгенин билесизби? (тесттен өтүңүз)

 

Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракеси белгиленүүдө. "Эгемендик майрамы, эзелкилердин арманы", - деп төкмө акын Мундузбек Борончиев айткандай көз карандысыздык бул көптөгөн доорлорду өзүнө камтыган күрөштөрдүн натыйжасында келген улуу байлык. Ага жетүү үчүн ата-бабалар канын, энелер жашын төккөнү талашсыз. Келиңиз анда артка бир кылчайып, төмөнкү тесттен эгемендүүлүккө карай келген жолду бир эстеп көрөбүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

Тарыхта кыргыздар тууралуу эң алгачкы эскерүүлөрдү кайсы тарыхчы жазып калтырган?

Тарыхта кыргыздар тууралуу эң алгачкы эскерүүлөрдү б.з.ч 201-жылы белгилүү кытай тарыхчысы Сыма Цянь жазып калтырган. Ал өз эмгектеринде кыргыздарды "гэгундар" деп атаган.

Кийинки суроо


Василий Бартольд
Сыма Цянь
Саул Абрамзон
Конфуций

Барсбек каган башында турган кыргыздар кайсы аймакты мекендешкен?

Кыргыздардын башын бириктирип, чон кагандык курууну көздөгөн Барсбек кагандын тушунда кыргыздар Эне-Сайды мекендешкен.

Кийинки суроо


Эне-Сайды
Алтайды
Таласты
Фергананы

Кыргыздар Улуу кыргыз дөөлөтүн куруу үчүн 20 жыл бою кайсы эл менен согушкан?

Кыргыздар Улуу кыргыз дөөлөтүн куруу үчүн Уйгур каганаты менен 20 жыл бою согушкан? 840-жылы жеңишке жетип, Уйгур каганаты кулагандан кийин Улуу кыргыз дөөлөтү түзүлгөн.

Кийинки суроо


кытайлар
орустар
түрктөр
уйгурлар

Эл эркиндиги үчүн Кокон хандыгы менен тирешип турган Тайлак баатыр акыры кимдин колунан каза тапкан?

Тайлак баатыр 1838-жылы 42 жашында Кокон хандыгынын тыңчылары тарабынан жиберилген дервиш кейиптүү тыңчынын уусунан көз жумган.

Кийинки суроо


Кокон ханынын
Кокон аскеринин
Кокон тыңчысынын
Калмактардын колунан

Өткөнүн эстей жүрсүн деп, эски чокою бет маңдайына илинип коюлган кыргыз ханы ким?

Өткөнүн эстей жүрсүн деп, эски чокою бет маңдайына илинип коюлган кыргыз ханы Шералы хан.

Кийинки суроо


Нүзүп бий
Кудаяр хан
Ормон хан
Шералы хан

"Үркүн" деген ат менен тарыхта калган 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшүндө канча адам курман болгон?

Тарыхчылардын белгилешинче кандуу "Үркүн" окуясында 9 айдын ичинде 158 миңге жакын адам курман болгон. Алардын көбү орус аскерлеринин мыкаачылыгынан жана Кытайга качып бара жаткан жолдогу ачарчылык, сууктан каза табышкан.

Кийинки суроо


20 миңге жакын
50 миндин тегерегинде
100 миңге жакын
150 миңдин тегерегинде

1937-1938-жылдар кыргыз тарыхында кандай кандуу окуя менен сакталып калды?

1937-1938-жылдар кыргыз тарыхында Сталиндик репрессиянын кандуу жылдары катары сакталып калды. Бул жылдары мекен деген кыргыз каймактары "улутчул" деген айып менен бейкүнөө атылып кетишкен.

Кийинки суроо


Ата-Мекендик согуш
Үркүн
Сталиндик репрессия
Массалык ачарчылык

Улуу Ата-Мекендик согушта күйүп жаткан учагы менен душмандын танкттары топтолгон аймагына кирип барып жарылган кыргыз баатыры ким?

Ысмайыл Таранчиев Улуу Ата-Мекендик согушта Ил-2 үлгүсүндөгу учагы менен көптөгөн чабуулдарды ийгиликтүү ишке ашырган. 1944-жылы 18-мартта ал Эстония ССРинин аймагында учуп бара жатканда учактан өрт чыккан. Кыргыз баатыры учактын багытын душмандын танкттары топтолгон аймагына буруп, фашисттердин курал-жарак сакталган базасын жардыруу менен баатырларча курман болгон.

Кийинки суроо


Ысмайыл Таранчиев
Чолпонбай Түлөбердиев
Дайыр Асанов
Дүйшөнкул Шопоков

1930-жылдардагы ачарчылыкта Кыргызстанда жыйналган данды буйрукка карабастан Москвага жөнөтпөй, элди сактап калган жетекчи ким?

Жусуп Абдрахманов 1930-жылдары Кыргызстанда жыйналган данды жогору жактын каршы чыкканына карабастан Москвага жөнөтпөй, кыргыз элин ачарчылыктан сактап калган.

Кийинки суроо


Касым Тыныстанов
Жусуп Абдрахманов
Баялы Исакеев
Исхак Раззаков

Кыргыз өлкөсүн чейрек кылым башкарган инсанды белгилеңиз.

Кыргыз өлкөсүн чейрек кылымга жакын башкарган инсан Турдакун Усубалиев. Ал СССР мезгилинде Кыргызстан Компартиясын 1961-жылдан 1985-жылга чейин жетектеген.

Кийинки суроо


Турдакун Усубалиев
Апсамат Масалиев
Аскар Акаев
Исхак Раззаков

Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин эң биринчи болуп кайсы мамлекет тааныган?

АКШ эң биринчи Кыргыз өлкөсүнүн эгемендигин таанып, 1992-жылдын 1-февралында эле Бишкекке элчилигин ачкан. Андан кийин Түркия жана башка мамлекеттер алака түзө баштаган.

Кийинки суроо


Орусия
Түркия
Казакстан
АКШ

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: