super.kg logo

Баткенде Эгемендүүлүк майрамы чоң салтанат менен белгиленүүдө (сүрөт)

 

Бүгүн, 31-август Эгемендүүлүк майрамы Баткенде чоң салтанат менен белгиленүүдө. Бул тууралуу Баткен облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Баткенде Эгемендүүлүк майрамынын 32 жылдыгына арналган майрамдык салтанат борбордук стадиондогу кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү менен башталды. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.

Ошондой эле майрамдык иш-чарага Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланды.

Мындан тышкары майрамдын урматына спорттун улуттук кыргыз күрөш, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү, стол үстүндөгү теннис боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдештер өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: