Ошто калкты таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жай ишке кирди







Бүгүн, 31-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Аларда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот.
Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды. Долбоордун баасы 194 миллион сомду түзөт.
"Президент Жапаров суу алуучу жайдын насостук станциясынын иши менен таанышып жатып, жаңы объектинин ишке берилгендигин канааттануу менен белгиледи. Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын – Ак-Буура дарыясынын пайдаланылган суусу булгангандыктан, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, азыр бул маселе чечилди", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, мамлекет башчысы июль айында Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы таза суу үчүн төрт жаңы суу сактагычтын курулушу менен таанышып, тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган.

