super.kg logo

Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аталышындагы таш айкелдер симпозиуму ачылды

 

Бүгүн, 31-августта Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аталышындагы таш айкелдер симпозиуму ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган маданий жай Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдына курулган. Таш айкелдер симпозиуму Эгемендүүлүк күнүнө жана тунгуч премьер-министр Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналып коюлганы айтылды.

Анын курулуш иштерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Ош шаардык мэриясы тарабынан ишке ашып, Архитекторлор союзу тарабынан колдоого алынган.

Таш айкелдер менен кенен таанышуу атайын иштелип чыккан QR-код аркылуу ишке ашырса болот. Анда айкелдин аталышы, көлөмү, бийиктиги, айкелдин автору жана ал тууралуу кыска маалымат жана айкелдеги айтылган ойлор тууралуу маалымат жеткиликтүү.

Буга чейин Маданият министрлиги Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата “Тарыхтан калган элестер” аттуу таш айкелдердин мыкты эскизин тандоо үчүн республикалык сынак жарыялаган.

Сынактын негизги максаты кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын айкелчилердин чеберчилиги менен чагылдыруу, Ош шаарына эстеликке калтыруу үчүн мыкты эскизди тандап алуу, айкелчилердин идеяларынын биримдигинде улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо, коомдогу активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: