super.kg logo

Эгемендүүлүк: Ошто "Түштүк базары" жарманкеси өттү

 

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын алкагында Ош шаарында "Түштүк базары" көргөзмө-сынак жарманкеси орун алды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жарманке ар тармакты камтып, шаар тургундарын жана меймандарын кайдыгер калтырган жок.

Анда “Жергемдин жети керемети” фото көргөзмөсү орун алып, облус жана шаардын жеке тарыхын, тарыхый эстеликтерин, маданий жана социалдык өзгөчөлүгүн, кооз табиятын, социалдык, адеп-ахлактык темалары чагылдырылды.

Ошондой эле айыл чарба продукцияларынын түрүн камтыган «Жер эненин жемиши» эл алдына сунушталды.

Аны менен катар “Кыялымдагы шаар" - архитектуралык-конструктордук институттардын жана ийримдердин макеттери, электрондук-робото-техника макеттери, «Сарпай» - аталышындагы жеңил өнөр-жай, чакан ишканалардын, тигүү цехтердин продукциялары, «Өнөркана» - эл керектөөчү, турмуш тиричилик товарларын өндүрүп жаткан жергиликтүү ишканалар, ишкерлердин колунан жасалган заманбап, сапаттуу, бренд товарлардын көргөзмөсү жана "Аш" жана " Нан" жарманкеси уюштурулуп, 30га жакын Ош облусунун чайханалары катышты.

Майрам шаңы учурда элдик сейилдөөлөр менен уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: