"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык кечеге шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров келди







Эгемендүүлүк күнүнө карата "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан майрамдык салтанатка Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров келип, конокторду жана кыргызстандыктарды көз карандысыздык майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек шаарынын тургундары. Бүгүн өлкөбүздө улуу күн. Мындан 32 жыл мурда асманыбызда эгемендүүлүктүн туусу желбиреген. Дал ушул күнү ата-бабаларыбыздын көз карандысыз өз алдынча мамлекет болсок деген тилеги орундалган. Ар бирибиз үчүн эгемендик, өз алдынчалуулук, өлкөнүн биримдиги жана бүтүндүгү эң башкы байлыгыбыз жана баалуулугубуз. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бир Кыргыз жаранынын ыйык милдети жана парзы", - деди Эмилбек Абдыкадыров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 31-августта Кыргызстан Эгемендүүлүктүн 32 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
