super.kg logo

Борбор Азия лидерлери Кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Борбор Азия лидерлери президент Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билидришти.

Төмөндө президенттердин куттуктоо телеграммалары:

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Казакстандын президенти куттуктоосунда Кыргызстан масштабдуу саясий реформаларды жана социалдык-экономикалык кайра курууларды пландык негизде ишке ашыруу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

«Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зор шыктануу менен кабыл алынып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун нугунда көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бекемделерине ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин куттуктоосу.

«Сиздин түздөн-түз жетекчилигиңиз менен жүргүзүлүп жаткан комплекстүү реформалардын натыйжасында өлкөңүз ар тараптуу өнүгүп, калктын жашоо деңгээли үзгүлтүксүз жогорулап жатат. Эл аралык аренада Сиз көтөргөн олуттуу демилгелер дүйнө коомчулугу тарабынан татыктуу түрдө таанылды.

Акыркы жылдары мамлекеттерибиздин ортосундагы достук, жакын коңшулаштык жана стратегиялык өнөктөштүк ырааттуу бекемделгени бизди кубандырат. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 26-27-январында Сиздин уникалдуу өлкөңүзгө болгон сапарыбыз биздин мамилелерибиздин тарыхындагы жаркын барак болуп калды.

Кооз Бишкек шаарында биздин жемиштүү жана ачык сүйлөшүүлөрүбүз, жетишилген маанилүү макулдашуулар жана кол коюлган биргелешкен долбоорлор мамилелерибизге жаңы дем береринде шек жок», — деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго узун өмүр, чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, өркүндөөнү жана бакубатчылык каалады.

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасы.

«Биз тарыхый тамыры терең тажик-кыргыз достук байланыштарын мындан ары да чыңдоого кызыкдарбыз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биздин конструктивдүү мамилелерибиз достук жана жакын коңшулук, өз ара урматтоо жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ишеним принциптеринин негизинде мындан ары да кадам сайын өнүгө берет деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу.

Түркмөнстандын президенти куттуктоосунда Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, элдин бакубаттуулугун жогорулатууда жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн мындан ары жогорулатууда олуттуу натыйжаларга жетишкенин белгиледи.

«Учурда биздин мамлекеттер аралык диалог жаңы багыттарды жана тармактарды камтыган жаңы мазмун менен толукталып жатат. Түркмөнстан достук жана кызматташтык алакаларындагы Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар», — деп айтылат куттуктоодо.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин куттуктоо телеграммасы.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына – Эгемендүүлүк күнүнө карата өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди чын дилимден куттуктайм жана бардык элиңизге эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Өткөн жылы боордош Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарымда Сиздин жетекчилигиңиздин алдында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларды жана курулуш иштерин, алардын өлкөңүздүн ар тараптуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө шарт түзүп жаткандыгын көрүп кубандым.

Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки отуз жыл ичинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы бир тууган элдерибиздин эркине негизделген достук байланыштар дайыма чыңдалып, өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтык тынымсыз өнүгүп, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү.

Түпкү тамырыбызга, бир туугандыкка, өз ара ишенимге жана чыңдалып жаткан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө негизделген мамлекеттер аралык мамилелерди кеңейтүү боюнча биргелешкен аракеттерибизди ийгиликтүү улантабыз деп ишенем.

Ушул өзгөчө күнү Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасына тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов да президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Өткөн жылдары Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана элдин жашоо деңгээлин ырааттуу жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетише алганын белгилөө жагымдуу.

Түркмөнстан Кыргыз Республикасы менен бардык тармактарда жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берет. Акыркы жылдары ийгиликтүү өз ара пайдалуу кызматташуу боордош элдерибиздин ортосундагы ишенимдин жана өз ара түшүнүшүүнүн аркасында өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн баса белгилегим келет», — деп айтылат куттуктоодо.

Гурбангулы Бердымухамедов Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, өнүгүү жана мындан аркы өркүндөөнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: