"Өзгөчө Ай, дрондор шоусу...". Ошто Эгемендүүлүк майрамы кандай өттү? (фото)








Ош шаарында өлкөнүн Көз карандысыздык майрамына жана Насирдин Исановдун 80 жылдыгына карата гала-концерт өттү.
Кечээ, 31-августта президент Садыр Жапаров Ош шаарынын башкы аянтында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө жана Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган гала-концертке катышты.
Иш-чара дрондордун шоусу, ошондой эле майрамга арналган театралдаштырылган пролог менен башталды.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана көрүнүктүү ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн мааракеси менен куттуктады.
Президент Садыр Жапаров көз карандысыздык тууралуу айтып жатып, кандай ийгиликтерге жетишкенин, тоскоолдуктарды кантип жеңгенин, өлкөнүн келечеги кандай курулуп жатканын ар дайым эстеп туруу маанилүү экенин белгиледи.
Андан соң кеченин коноктору үчүн маданият ишмерлеринин жана ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asyl27

01.09.2023. 11:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туштук регионго да маданий, искуство, чыгармачыл, музыка иш чараларын көп уюштуруу керек. Коомдун аң сезимин маданият, искуство, музыка аркылуу жакшы жака өзгөртө алабыз. Диний радикализм,экстримизмди жеңүүдө кино, музыканын ролу өтө чоң
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.