Оштогу көк бөрү: "Ынтымак" менен "Достуктун" оюнчулары чогуу кайрылуу жасашты (видео)
Ош шаарында өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалынан кийинки тополоңдон кийин "Достук" жана "Ынтымак" командаларынын оюнчулары кайрылуу жасашты.
Кайрылууда "Ынтымак" командасынын капитаны Жолдошбек Орозбаев мындай окуялар оюндарда болуп эле келгенин айтып, күйөрмандарды ачууга алдырбоого чакырды.
Ал эми "Достук" командасынын капитаны Кыяз Ниязов күйөрмандардын атынан кечирим сурады.
"Ынтымак" менен "Достук" көк бөрүнүн даражасын ушул деңгээлге чейин көтөрүп келди. Бул эки команданын бирөө жок болсо мындай даражага чыкмак эмес.
Бүгүн кичине күйөрмандар жактан талаш-тартыштар болуп кетти. Күйөрмандардын атынан биз кечирим сурайбыз. Оюндагы ызы-чуулар оюн талаасында эле калат, оюндан кийин биз бир тууганбыз", - деди Кыяз Ниязов.
Кечээ, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.
Өз кезегинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айтты.

