super.kg logo

Ошто көк бөрүдөн кийинки тополоң: Жаңжалдан 7 адам жабыркап, 1 адам ооруканага түштү

 

Ош шаарындагы "Төлөйкан" ат майданында болгон окуядан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, тополоң болгон ат майданга эки медициналык пункт ачылган. Тополоңдон кийин ал жерге 7 киши кайрылган. Алардын 5и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Ооруканада эки адам жатат, алардын бири көк бөрүчү, экинчиси укук коргоо органынын кызматкери. Улакчы тополоңдо эмес, оюн учурунда жаракат алганы такталган.

Кечээ, 31-августта президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.

Өз кезегинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоңдун катышуучулары кармаларын баштаганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: