super.kg logo

"Жаңы мектеп, көбөйгөн айлык". Бүгүндөн тарта кыргызстандыктардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болот?

 

Бүгүн, 1-сентябрь. Бул күндү өлкө боюнча Билим күнү катары белгиленет. Дегени менен 1-сентябрда Кыргызстандын бир нече тармагында өзгөрүүлөр башталат. Төмөндө бүгүндөн баштап кыргызстандыктардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр боло турганын тизмектейбиз.

Бүгүн Кыргызстанда Билим күнү белгиленүүдө. 1-сентябрдан тарта мектептерге 600 миң жаңы китеп пайдаланууга берилет. Буга чейин Билим берүү министрлиги Кембридж университети менен бирге окуу китептерин басып чыгаруу боюнча меморандумга кол коюлганын билдирген.

Бүгүндөн тарта мектептердин директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завуч) айлыктары 50 пайызга чейин жогорулайт. Мурда 13 жылдык стажы бар 100-600 окуучу билим алган мектеп директору 19,1 миң алса, эми 28,7 миң сом болуп көбөйдү. 1800дөн ашык окуучусу болсо, анда маяна 35 миң сомго чейин жетет. Эмгек акыны жогорулатуу үчүн жылына 549 ​​миллион сом талап кылынса, быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта 183 миллион сом керектелет.

Бүгүн Бишкекте биринчи орус мектебинин курулушу башталат. Капсула салуу аземине Садыр Жапаров жана видеобайланыш аркылуу Владимир Путин катышат. Буга чейин быйылкы жылы Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында мектептердин курулушу башталары маалымдалган. Жыл сайын 3 мектеп куруу пландалып, алар 2025-жылы пайдаланууга берилет. Маалым болгондой, бир мектептин болжолдуу баасы 500 миллион рублду түзөт.

Ошондой эле 1-сентябрда өлкө боюнча 42 жаңы мектеп жана 4 спорт зал пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинен маалымдашкан болчу.

1-сентябрдан тарта 220 жаңы автобус каттамга чыгат. Кытайдан келиши күтүлүп жаткан Zhong Tong үлгүсүндөгү газ менен жүрүүчү 1000 автобустун 170и Бишкекке келип жетти. Буга чейин 13-августта 50 автобус келген.

Бүгүндөн тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы токтойт. Эми бул каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап 2024-жылдын 1-сентябрына чейин унааны онлайн режимде кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. Эми жарандардын унааларды онлайн кайра каттоо үчүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана салыктар боюнча карызы жок болушу шарт. Онлайн каттоо үчүн автоунаанын ээси унаасын визуалдык кароодон өткөрүп, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек, ал эми унааны кароодон өткөндүгү тууралуу маалымат электрондук базада 30 күн сакталат. Бул мөөнөттүн ичинде менчик ээси Кыргызстандын банктары жана "Түндүк" мамлекеттик порталы боюнча электрондук цифралык кол тамга аркылуу онлайн түрдө кайра каттата алат.

Бүгүн Жидда — Бишкек — Жидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттамы ачыла турганын буга чейин "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлаган. Учууларды Сауд Арабиясынын "Flynas" авиакомпаниясы аткарып, жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Өлкөдө 1-сентябрынан баштап Мамлекеттик салык кызматынын "Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз" системасы белгиленген жаңы талаптарга ылайык документтердин номерлерин ыйгарат. Номерлерди ыйгаруу "KGXXXXXXXXXXXXXXX" түзүмү боюнча жүргүзүлөт.

Бүгүндөн баштап кыргызстандыктар Өзбекстанга ID-карт менен кире алат. Маалым болгондой, 1-сентябрынан тартып Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары башка жол жүрүү документтери менен бирге эки мамлекеттин аймагына кирүү, чыгуу, жүрүү жана убактылуу болуу үчүн ID-картты колдоно алышат.

Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы консулдугу 1-сентябрдан тарта ишин баштайт. Учурда алар республиканын Казань шаарындагы Башкы консулдугуна жай издеп жатышат. Мындан тышкары Түштүк федералдык округда, Самара жана Оренбург шаарларында Кыргызстандын элчилигинин филиалын ачуу пландалып жатканын консул кеңешчиси Манас Жолдошбеков билдирген.

Ошондой эле бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын ачылышы болот. Белгилей кетсек, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин экинчи сессиясы 29-июнда ишин аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: