Москвадагы үч аэропорт убактылуу жабылды
Москва шаарындагы "Внуково", "Шереметьево" жана "Домодедово" аэропортторунда учактарды кабыл алуу дагы, учуруу дагы токтотулуп, "Ковёр" планы жарыяланды. Бул тууралуу “Авиаторщина” телеграм каналы билдирди.
Учактар жакынкы жердеги альтернативдик аэродромдорго багытталууда. Учурда "Внуково", "Шереметьево" жана "Домодедово" аэропортторунда 25 каттам жылдырылды. Дагы 19 каттам токтотулду.
Бүгүн эртең менен абадан коргонуу күчтөрү Люберцы шаарына жакын жерде Москвага учуп бара жаткан учкучсуз учуучу учакты токтотушту. Өз кезегинде Москванын мэри Сергей Собянин Билим күнүн бузууга жол бербеген аскер кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.