super.kg logo

"Баш байге 450 миң сом". Азамат Болгонбаев эл аралык айтышта баш байгени жеңип алды

 

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата алгачкы агартуучу, жазгыч акын, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган 16-эл аралык айтыш жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда "Манас" театрынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эл аралык кош байге айтышына 8 казак акыны, 8 кыргыз акыны катышты. Бул жолу казак акындарынын экөө Монголиядан, бирөө Өзбекстандан келди.

Ага ылайык, эки күнгө созулган айтыш Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында болду. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, академик Абдылдажан Акматалиев, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Эл акыны Рахматулла Козукеев катышты.

Кара кылды как жарган калыстардын элегинен мыктылар иргелип, жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге 450 миң сом- Азамат Болгонбаев (Кыргызстан),
Баш байге 450 миң сом - Муктар Ниязов (Казакстан).

Биринчи орун 300 миң сом - Изат Айдаркулова,
Биринчи орун 300 миң сом- Казырет Бердихан (Казакстан).

Экинчи орун 200 миң сом- Асылбек Маратов,
Экинчи орун 200 миң сом -Данияр Алдаберген ( Казакстан)

Үчүнчү орун 100 миң сом -Чынгызхан Кожошев,
Үчүнчү орун 100 миң сом - Талгат Орынбеков (Өзбекстан).

Атайын кызыктыруучу сыйлык жана 70 миң сом акчалай сыйлык:

Тилек Базар уулу ( Монголия);
Аманжол Куанткан (Монголия);
Нурмат Мансуров (Казакстан);
Айчолпан Түлөхан ( Казакстан);
Баян Акматов;
Акмат Султан уулу;
Кубат Тукешов;
Кутман Садыбакасов;.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.09.2023. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат таныш салып алып алат болуш керек кыйратып деле айтыша албайтко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: